Кыргызстанда калктын 75%ы медициналык жактан камсыздандырылган

Кыргызстанда өлкө калкынын бардык жарандары үчүн медициналык камсыздандыруу милдеттүү болуп калмакчы. Бул тууралуу милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасынын орун басары Мирланбек Шабданов билдирди.
Ал 2023-жылдын 22-февралында Жогорку Кеңеште “Кыргыз Республикасындагы жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамы үчүнчү окууда кабыл алынганын эске салды.
Шабданов бүгүнкү күндө өлкө калкынын 75%ы иш жүзүндө камсыздандырылгандар болуп саналарын белгиледи. Анын ичинен дээрлик 50%ы республикалык бюджеттен камсыздандырылгандар:
– калкты иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызмат органдарында расмий катталган жумушсуз жарандар;
– пенсионерлер, анын ичинде аскер пенсионерлер;
– бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар жана социалдык жөлөкпул алгандар;
– 16 жашка чейинки балдар (жалпы билим берүү уюмдарынын окуучулары окуусун аяктаганга чейин, бирок алар он сегиз жашка чыкканга чейин);
– күндүзгү окуу формасындагы орто жана жогорку окуу жайларынын 21 жашка чейинки курактагы студенттери;
– аскер кызматчылары.
Ал эми төмөнкү категориядагы жарандар камсыздандырылган деп эсептелет, аларга ММК полисин сатып алуунун кажети жок:
– иштеген жарандар, иш берүүчү алар үчүн милдеттүү медициналык камсыздандырууга 2% төгүм төлөйт;
– фермердик (дыйкан) чарбалардын мүчөлөрү Социалдык фондго камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн учурда;
– ММК полиси бар, анын ичинде милдеттүү медициналык камсыздандырууга өз алдынча төгүм төлөгөн адамдар.