Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди

 Кыргызстанда көмүрдүн баасы бекитилди

Кыргызстандын аймагында жергиликтүү көмүрдүн баасы 4 миң сомдун тегерегинде сатылышы керек. Бул энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

“Бизде комиссия түзүлүп, өткөн жекшемби күнү көмүр саткан жайларга “Кыргызкөмүр”, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана укук коргоо органдары барышты. Көмүрдүн бир тоннасына 4 миң сом баа коюшту. Ким кымбат сатса, көмүр берилбейт. Көмүрдүн баасы 4 миң сом болгон күндө дагы сатуучуларга жакшы киреше түшөт”, – деди министр.

Энергетика министри Сүлүктүнүн көмүрү буга чейин дагы 8 миң сомдон төмөн болбой келгенин айтып, ал жакта көмүр колго казыларын кошумчалады.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар