Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция өтөт

 Кыргызстанда гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк акция өтөт

Ушул жылдын 25-ноябрында Кыргызстанда «Коркпо! Токтот! Жаша!» девизи астында гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампания старт алат. Кампаниянын башталышы тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында билдирди.

«25-ноябрда дүйнө жүзү боюнча гендердик зомбулукка каршы 16 активдүү аракеттердин 16 күндүк өнөктүгү башталат. Бул глобалдык демилге, ошондой эле гендердик зомбулукка каршы күрөш маселеси камтылган күн тартиби да мамлекет тарабынан колдоого алынат. Биздин өлкөдө БУУ агенттиктеринин, өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн, жарандык коомдун колдоосу менен кампания «Коркпо! Токтот! Жаша!» урааны астында өтөт», -деди Байсалов.

Акциянын негизги максаты – коомдун үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулукка каршы аракеттерин жогорулатуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана жоюу боюнча иш-чаралар аркылуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу, бул көйгөйгө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Белгилесек, өткөн жылы жалпысынан 10 миң 151 зомбулук болгону катталып, 9038 убактылуу коргоо ордери (8463 аял, 264 бала) берилген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар