Кыргызстанда электр энергиясы үчүн “күн-түн” жаңы тарифи киргизилет

 Кыргызстанда электр энергиясы үчүн “күн-түн” жаңы тарифи киргизилет

Кыргызстанда электр энергиясын колдонууда “күн-түн” жаңы тарифин киргизүү пландалып жатат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

Мындай тариф бүгүнкү күндө кээ бир санаторияларды колдонулуп жатканын айтты. Ошондой эле бул тарифди колдонууда абоненттер түнкүсүн арзан, күндүзү кымбат төлөшө турганы маалымдалды.

“Буга чейин айтып кетпедимби, эсептегичтерди өндүргөн кыргыз-орус биргелешкен ишкана ачылат деп. Ошол эсептегичтерге “күн-түн” деген тариф кирет. Эки жыл болобу, беш жыл болобу бул тарифке өтөбүз. Бүгүнкү күндө кээ бир санаторияларда колдонулуп жатат. Түнкүсүн арзан, күндүз кымбат төлөшөт. Ошондуктан тамак жасоону жана кийим жууп, үтүктөгөндү түнкүсүн кылат. Биздин ишкерлерге дагы пайдалуу болот эле”, – деди Ибраев. 

Белгилесек,  Кыргызстанда электр энергияны колдонуунун жогорку чеги кечки саат 18:00дөн 21:00гө чейин жана эртең мененки саат 7:00дөн 11:00гө чейин катталат. Электр энергиясын чектен ашык колдонуунун айынан тартыштык дагы жоюла элек.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар