Кыргызстанда дагы эки банк Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту

 Кыргызстанда дагы эки банк Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту

Кыргызстанда дагы эки банк Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту.

Тагыраагы, “Азия Банкы” жана “Кыргызстан Коммерциялык банкы” бир катар россиялык банктар менен кызматташуусун токтотконун кабарлашты.

Банктан “санкциянын таасири тийип калышы мүмкүн” деген негизде “Мир” картасын тейлөө токтотулганын билдиришти.

Буга чейин Кыргызстандагы “Компаньон”, “Дос кредо банк” жана “Бакай банк” Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотушкан. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылган.

Россия Украинанын аймагына кол салгандан кийин көпчүлүк Батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде россиялык банктар да чектөөгө кабылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар