Кыргызстанда дагы эки банк Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту

 Кыргызстанда дагы эки банк Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотту

Кыргызстандын “Бай Түшүм” жана “Оптима Банк” банктары Россиянын “Мир” төлөм картасын тейлөөнү токтотту. Бул тууралуу алар расмий сайттарына жарыялашты.

«Урматтуу кардарлар, Бай Түшүм банкы «Мир» төлөм карталарын тейлөөнү убактылуу токтоткондугун билдиребиз. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз», — деп айтылат Бай Түшүмдүн билдирүүсүндө.

Ал эми Оптима Банк «Мир» төлөм карталарын  1-ноябрдан тарта тейлөөнү токтотуу чечимин кабыл алды.

Буга чейин Кыргызстандагы “Компаньон”, “Дос кредо банк”, “Бакай банк”, “Азия Банкы” жана “Кыргызстан Коммерциялык банкы” Россиянын “Мир” банктык картасын тейлөөнү токтотушкан. Банктардын сайттарында бул техникалык себептен улам экени жазылган.

Россия Украинанын аймагына кол салгандан кийин көпчүлүк Батыш өлкөлөрү ага катаал санкцияларды салган. Анын ичинде россиялык банктар да чектөөгө кабылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар