Кыргызстанда дагы бир ГЭСтин курулушу башталды

 Кыргызстанда дагы бир  ГЭСтин курулушу башталды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-октябрда, Нарын облусунун Куланак айылында Куланак ГЭСинин курулушунун башталышына “Мезгил кутусун” салып, курулушка старт берди.

Мамлекет башчысы Куланак гидроэлектр станциясынын курулушун баштоо Нарын облусунун гана эмес, бүтүндөй Кыргызстандын экономикасына, энергетика тармагына пайда алып келе турганын баса белгиледи.

“Бул Кыргызстандын энергетикасынын тарыхындагы келечекке жол ачкан маанилүү кадамдардын бири. Мына ошондуктан, баарыңыздарды бүгүнкү жакшы саамалык менен куттуктап кетүүгө уруксат этиңиздер!”, – деди Президент.

ГЭСтин кубаттуулугу 100 МВт болот деп мерчемделүүдө. Курулуш бүтүп, ГЭС ишке киргенде жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөрү күтүлүп жатат.

Адистердин айтымында, ГЭСтин курулуш жүрүп жаткан маалда жалпысы 800дөн 1000 адамга чейин жумуш орду түзүлөт. Ал эми Куланак ГЭСинин курулушу бүткөрүлүп, толук ишке берилгенден кийин 100гө жакын жумушчу туруктуу иш менен камсыз болот.

“Нарын дарыясынын боюна, Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Эмгек-Талаа, Миң-Булак, Жерге-Тал айыл аймактарынын аймагына курулушу башталган бул долбоордун алкаганда 27 метр бийиктиктеги плотина, дарыянын нугун буруу жана сууну агызуу үчүн гидротехникалык шлюздар, 6,5 километр узундуктагы деривациялык канал, электростанциянын имараты агрегаттары менен, ошондой эле айыл чарба жерлерин сугаруу үчүн суу алуучу түйүн курулат”, – деди мамлекет башчысы.

Президент Энергетика министрлигине долбоорду толугу менен кынтыксыз, сапаттуу ишке ашыруу жоопкерчилигин жүктөдү.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар