Кыргызстанда быйылкы кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

 Кыргызстанда быйылкы кышкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чара маданият министри Азамат Жаманкуловдун, Туризм департаменти, Швейцариянын Кыргызстандагы элчилиги, швейцариялык туризмди Кыргызстанда туруктуу өнүктүрүү долбоору, атамекендик өнөктөштөр, туристтер жана эс алуучулар катышуусунда ачылды.

Салтанаттуу ачылышта министр Азамат Жаманкулов келген бардык меймандарга көңүлдүү маанай каалап, Кыргызстандын ажайып кооз жаратылышына аяр мамиле кылууга жана аны сүйүүгө чакырды. Жаманкулов кышкы туризм өлкө экономикасы үчүн маанилүү багыттардын бири болуп саналарын белгилеп, бул багытта алдыда аткарыла турган көптөгөн иштер мерчемделип жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда жалпысынан 23 тоо лыжа базасы бар, анын ичинен учурда 17си иштейт. Заманбап тоо лыжа базалары негизинен Чүй жана Ысык-Көл облустарында жайгашкан.

Кышкы туризм тоо лыжасында тебүүдөн тышкары, шаркыратмалар, үңкүрлөр, термалдык жана сейрек булактарга, элдик жана тарыхый музейлерге жана башка көптөгөн кызыктуу жерлерге саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргызстанда лыжа тебүү сезону ноябрь, декабрь айларында башталып, апрелдин башына чейин созулат, ал эми лыжа тебүү үчүн эң ыңгайлуу мезгил февраль жана март айлары болуп санат.

Жанылыктар