Кыргызстанда быйыл 1 180 гектар жерге бак-дарак отургузулду

 Кыргызстанда быйыл 1 180 гектар жерге бак-дарак отургузулду
Жыл башынан бери “Жашыл мурас” улуттук кампаниясынын алкагында токой фондусунун 1 180 гектар жерине бак-дарак отургузулду. Бул тууралуу айыл чарба министри Жаныбек Аскарбеков маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, 2021-жылы 699 гектар жерге көчөт тигилген. Быйыл токой фондусунун жашыл аянттарын кеңейтүү максатында тапшырмалар берилип, план 104 пайызга аткарылган.
Министр 2025-жылга чейин 5000 гектарга аянтка бак-дарак отургузуларын белгиледи.

Жанылыктар