ОшТВ телерадиокомпаниясы

Кыргызстанда бир жылда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 27 сомго кымбаттады    

 Кыргызстанда бир жылда АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 27 сомго кымбаттады    

Жыл ичинде АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 27,2 сомго, же 72,4 пайызга кымбаттады.  

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, эгерде 2021-жылдын 11-январында республика боюнча АИ-95тин бир литри орточо эсеп менен 37,56 сомду түзгөн болсо,  2022-жылдын 10-январында анын баасы 64,77 сомго жеткен.

АИ-92 үлгүсүндөгү бензин 23,6 сомго, же 64,5 пайызга  тактап айтканда 35,51 сомдон 59,1 сомго кымбаттады.

Дизель майы 22,2 сомго, же 61,7 пайызга 36,02 сомдон 58,23 сомго кымбаттады.

Жанылыктар