Кыргызстанда “Бир айыл — бир продукт” улуттук долбоору ишке ашырылат

 Кыргызстанда “Бир айыл — бир продукт” улуттук долбоору ишке ашырылат

Президент Садыр Жапаров “Бир айыл — бир продукт” Улуттук экономикалык долбоору жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Бир айыл — бир продукт» долбоору (БАБП) тигил же бул регионду чагылдырган уникалдуу, сапаттуу продукцияны изилдөө жана өндүрүү болуп саналат.

“Кыргызстанда БАБП долбоору бир нече жылдан бери Ысык-Көл облусунда ишке ашырылып келет жана жумуш орундарын түзүү, өндүрүлгөн продукцияны Японияга, Кытай Эл Республикасына, Америка Кошмо Штаттарына жана Казакстанга экспорттоодон пайда алуу түрүндө оң натыйжаларды көрсөтүүдө“,-деп айтылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, андан аркы натыйжаларга жетишүү үчүн мамлекеттик органдардын, фонддордун, академиялык чөйрөнүн, ассоциациялардын, бизнес-сектордун күч-аракеттерин бириктирүү зарыл. БАБП долбоорун сапаттуу масштабдоо жана продукцияны анын концепциясы пайда болгон учурдан тартып акыркы керектөөчү сатып алганга чейин илгерилетүү Кыргызстандын экономикасынын мультипликативдик өсүшүнө алып келет. Ал үчүн өлкөнүн ар бир айылы, шаары, району, облусу экспортко багыт алуу менен өзүнүн бир багыттагы адистешүүсүнө ээ болууга жана бизнести башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кооперацияланууга тийиш.

Жергиликтүү коомчулуктардын туруктуу ишине, жумуш орундарын түзүүгө, кирешелүү продукцияны өндүрүүгө жана эл аралык рынокторго экспорттоого өзгөчө басым жасоо менен БАБП долбоорун жайылтуу максатында, БАБП долбоорун Кыргызстандын региондорун өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Улуттук экономикалык долбоор катары ишке киргизүү токтом кылынды.

Министрлер кабинетине «Кыргызстанда жасалган» (Made in Kyrgyzstan) Улуттук брендин түзүү тапшырылды.

 

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар