Кыргызстанда беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди

 Кыргызстанда беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилди

Президент Садыр Жапаров 18-июлда кол койгон жарлыкка ылайык, өзгөчө макам Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, Константин Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.Жарлыкта айтылгандай, өзгөчө макам аталган окуу жайларына кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү көздөйт.Кыргызстанда 76 жогорку окуу жайында 231 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Жанылыктар