Кыргызстанда бензиндин арзандашы күтүлүүдө

 Кыргызстанда бензиндин арзандашы күтүлүүдө

Кыргызстанда бензиндин баасы 5-6 сомго арзандашы күтүлүүдө.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, 2023-жылдын январынан тарта бензин тобундагы күйүүчү майдын дүң баасында төмөндөө тенденциясы байкалды. Бул чекене баага дагы таасирин тийгизиши керек.

“Жакынкы айларда бензин 5-6 сомго арзандашы мүмкүн. Ошондой эле нефтетрейдерлерде күйүүчү-майлоочу майлардын 1-1,5 айлык запасы болушу керектигин эске алуу зарыл”, – деп айтылат маалыматта.

Монополияга каршы кызматы күйүүчү-майлоочу майлардын баасын турукташтыруу жана себепсиз көтөрүүгө жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатканын айтты.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар