Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда

Азыркы тапта өлкөдө 245 авариялык абалдагы мектеп бар. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.“Белгилүү болгондой, акыркы жылдары айтылып жаткан өзгөчө көйгөй – бул өлкөдөгү 245 авариялык мектеп, ошондой эле капиталдык оңдоого муктаж 498 мектеп бар. Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди. Анын ичинен:160 мектеп 35 бала бакча 10 спорт залы”, – деп билдирди ал.Бейшеналиев бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектке көп экендигин кошумчалады.