Кыргызстанда 19-сентябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

 Кыргызстанда 19-сентябрь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 19-сентябры Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

14-17-сентябрында Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу конфликтте Кыргызстандын жарандары курман болду.

Каза болгондорго терең кайгыруу менен аза күтүп, алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылынат:

– Кыргызстанда  2022-жылдын 19-сентябры улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын;

– Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн;

– маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.

Жанылыктар