Кыргызстанда 17-октябрдан тарта көмүрдү экспорттоого тыюу салынат

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынууда.
Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандын энергетикалык объектилери жылуулук сезонуна 1-ноябрга карата даяр болуп калат. Бүгүнкү күндө иштин 90% бүтүп калды.
Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлүнгөнүн, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирген.