Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия 50%га көбөйөт.

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Тиешелүү токтом долбоорду министрлер кабинети коомдук талкууга чыгарды.
Маалыматка ылайык, пенсияны 50 пайызга көтөрүү үчүн жалпысынан 3 миллиард 83 миллион сом талап кылынат. Соңку маалымат боюнча, өлкөдөгү пенсионерлердин жалпы саны 670 миңден ашат. Социалдык фонддон билдиришкендей, жогорулатуудан кийинки минималдуу пенсия Кыргызстанда 7 миң 200 сомду түзүп калат.