Кыргызстанда Өзбекстандын соода үйлөрү ачылат

 Кыргызстанда Өзбекстандын соода үйлөрү ачылат

Кыргызстанда Өзбекстандын соода үйлөрү ачылат. Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө белгилүү болду.

Тараптар сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Өкмөт башчылар эки республиканын президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты. Анын ичинде Биргелешкен практикалык аракеттер планынын («Жол картасы») долбоорун иштеп чыгуу тууралуу сөз жүрдү.

Мындан тышкары, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун айрым пункттарын, Кыргызстанда Өзбекстандын соода үйлөрүн ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу маселесин такташты.

Ошондой эле министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Абдулла Ариповду Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктап, өз ара кызыкчылык туудурган бардык тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да активдештирүүгө даярдыгын билдирди.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар