Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конвенцияны ратификациялайт

 Кыргызстан зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө конвенцияны ратификациялайт

Эмгек министрлиги “Эл аралык эмгек уюмунун Эмгек чөйрөсүндө зордук жана ыдык көрсөтүүлөрдү жоюу жөнүндө №190 Конвенциясын ратификациялоо жөнүндө” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыкты.  Документ Koomtalkuu.gov.kg порталында жайгаштырылды.

Мыйзам долбоорунда эмгек тармагында зомбулук жана асылуу жүрүм-турумдун кабыл алынгыс формалары экени белгиленген.

Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу – жумушчуларды, өзгөчө аялдарды коргоого түртү берери айылат.

Документ эмгек ишмердүүлүгүнүн бардык тармагында, анын ичинде жеке мекеме-ишканалардын кызматкелерине карата да колдонулат.

Конвенцияда заманбап дүйнөдө, өзгөчө пандемия маалында аралыктан иштөө мүмкүн экени да камтылган.

2019-жылы Эл аралык эмгек уюму зордук-зомбулукту, куугунтуктоону жана асылууну жоюу боюнча конвенция кабыл алган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар