Кыргызстан Тажикстандын чек ара боюнча билдирүүсүнө жооп берди

 Кыргызстан Тажикстандын чек ара боюнча билдирүүсүнө жооп берди

Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын Чек ара кызматынын кыргыз тарапты айыптаган билдирүүсүнө жооп берди.

Кечээ, 19-октябрда жарыяланган билдирүүдө тажик тарап чындыкка дал келбеген маалымат жайылтып, чек ара тилкесинде жашаган элди мыйзамсыз аракеттерге түртүү үчүн бурмалап жатканы айтылат.

Буга мисал катары Кыргызстандын Чек ара кызматы Тажикстандын “кыргыз тарап аскердик техникасын Баткенге чогултууда” деп таратып жаткан сүрөттү быйыл 21-22-сентябрдагы куралдуу кагылыштан кийин тартылганын белгилейт.

Чек ара кызматы билдиргендей, 25-сентябрдан тартып Тажикстан чек аранын жалпы периметринде аң  казып жатат жана ошондон бери Кыргызстандын аба мейкиндигин бузуп, дрондорун учурган 10 факт жана кыргызстандыктардын үйлөрүн өрттөөгө аракет кылган учурлар катталды.

“Жолугушууларда Тажикстандын чек ара өкүлдөрү жетишилген келишимдерди бузуп жатканын моюнга алып, аларды жоюуну убада кылышат, бирок тажрыйба көрсөтүп тургандай – убадаларын аткарышпайт”,- деп айтылат маалыматта.

Кыргыз тараптын маалыматына караганда, Тажикстан чек ара тилкесине аскерлерин жана техникасын топтоп, бул үчүн “Тез жардам” унааларын колдонуп, “Головной” деген жердин тушуна жарандык автомашиналар менен ок-дары ташып барып, “жалданмаларды даярдоо жана ок-дары топтоого мечиттерди пайдаланып, ошону менен ислам баалуулуктарына да каршы аракеттенип жатканы” аныкталууда.

Мекемеден билдиришкендей, “протокол кабыл алынып, чек арада абалды турукташтыруу үчүн аракет көрүлүп жатканына карабастан, тажик тарап кезектеги чек ара чырын тутандырышы ыктымал болгон иштерге барууда”.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар