Кыргызстан Түркияга кол сунат. Көрсөтүлгөн жардамдардын тизмеси

Түркия менен Сирия чектеш аймакта 6-февралда жер эки жолу катуу силкинип, күчү 7,5-7,8 баллга жеткен. Зилзаланын кесепетинен эки мамлекетте каза тапкандардын саны 37 миңден ашты. Ошол эле учурда он миңдеген киши жараат алып, миллиондон ашык жаран үй-жайсыз калды. БУУ бул сан эки эсеге көбөйүшү мүмкүн экенин эскертүүдө.
Мындай абалга кыргыз өлкөсү кайдыгер карабай, боордош түрк элине ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатат.
Түркияга жеткирилген жардамдардын тизмеси:
- 147 адамдан турган куткаруучулар тобу;
- 120 боз үй;
- Дарыгерлер тобу;
- Медициналык каражаттар;
- Гуманитардык жардам.
Анын ичинен кыргызстандык куткаруучулар 14-февралга чейин издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында урандылардын алдынан 5 адамды аман-эесен куткарып, 104 жарандын сөөгүн чыгарды. Белгилесек, Түркияга куткаруучулардын 67 адамдан турган тобу 7-февралда жөнөтүлгөн. 12-февраль күнү дагы 80 куткаруучу кеткен.
Кечээ, 13-феавралдаКахраманмараш шаарындагы статиондорунун биринде Кыргызстандан жөнөтүлгөн 75 боз үй тигилди. Боз үйдү тигүүгө башкы консулдуктун кызматкерлери, кыргызстандык студенттер, “Кыргызстан Достук жана Маданият” коомунун жана “Кыргыз түрктөрү” коомунун мүчөлөрү катышты.
Ал эми ички иштер министрлиги Түркияга 3 тоннага жакын гуманитардык жардам жиберди. Анын ичинде зарыл делген жууркан, уктоочу каптар, кичинекей килемчелер, чатырлар жана жылыткычтар бар.
Кыргызстан Түркияга дагы гуманитардык жардамдарды жиберет
Алдыда урандылардын алдында калгандары алып чыгууга көмөктөшүү үчүн кошумча куткаруучулар тобун жиберүү пландалууда. Коргоо министрлиги болсо аскердик чатырларды жөнөтүү алдында турат. Чатырлар 600 адамга ылайыкташтырылган.
Мындан тышкары, Түркияда жер титирөөдөн жабыкагандарга жардам көрсөтүү үчүн Финансы министрлигини астында атайын эсеп ачылган. 13-февраль саат 10:00гө карата атайын эсепке 4 млн 958 834,41 сом жана 12 миң 550 рубль чогулду.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат:
Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, рубль, АКШ доллары, евро)
Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”.