Кыргызстан Түркияга кол сунат. Өлкө аймагында гумжардамдарды кабыл алуу түйүндөрү ачылууда

Кыргызстан Түркия мамлекетинин жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына гуманитардык жардам жөнөтөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, зилзаладан жабыр тарткандарга (чоңдор жана балдар үчүн) кышкы жылуу кийимдер, жамгырда кийилүүчү күрмө, өтүк, кол кап, ымыркайлар жана аялдар үчүн гигиеналык баштыктын топтому жана тазалык каражаттары керек.
Мындан сырткары зарыл каражаттардын тизмесинде медициналык каражаттар, чатыр, керебет, чатырга ылайыкталган матрацтар, жууркан, термос, кол чырак, портативдүү заряддагыч (повербанк) бар.
Керектүү делген жардамдарды чогултуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өлкө аймагында гуманитардык жардамдарды кабыл алуу түйүндөрү ачылууда.
Жардамдарды кабыл алуу түйүндөрүнүн дарегин ӨКМдин облустук башкармалыктарынан тактоого болот:
Сурап-билүү телефондору:
Бишкек – 0312 – 43-26-56;
Ош – +996 220 725 000, 0 770 758 080;
Баткен – 0772 020 203, 0 770 224 236, 0 776 858 555;
Ысык-Көл – 0 500 988 78, 0 552 000 987;
Нарын – 0559 112 112;
Жалал-Абад – 0559 777 788;
Талас – 0709 004 500.