Телерадиокомпания

Кыргызстан Россиянын «Газпромбанкы» менен кызматташат

 Кыргызстан Россиянын «Газпромбанкы» менен кызматташат

Кыргызстан Орусиянын “Газпромбанкы” менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдайт.

Документ мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатындагы келишимдерге банктык колдоо көрсөтүүнү көздөйт.

Кечээ, 22-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанктын” биринчи вице-президенти жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту.

Алар банктык колдоо кызматтарын илгерилетип, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин да талкуулашканын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Меморандумга кыргыз тараптан финансы министри Алмаз Бакетаев жана “Газпромбанктын” аткаруучу вице-президенти Олег Мельников кол койду.

Акылбек Жапаров Орусияга 22-ноябрда кеткен. Ошол күнү орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында кыргыз-орус кызматташтыгы, анын ичинде энергетика, күйүүчү май боюнча маселе талкууланары айтылган.

Жанылыктар