Кыргызстан Россиядан 1,5 млрд сомго дан үрөндөрүн сатып алат

 Кыргызстан Россиядан 1,5 млрд сомго дан үрөндөрүн сатып алат

Кыргызстан Россиядан 1,5 млрд сомго дан үрөндөрүн сатып алат. Бул туурасында айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, Россия Федерациясынан кылкандуу дан, май, дан буурчак жана тоют өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү сатып алынат. Ал үчүн өлкө казынасынан  1,5 млрд. сом каралды.

Белгилесек, өлкөдө жазгы айдап себүүгө үрөн чарбалардын керектөөсү 66,1 миң тоннаны түзөт. Буга чейин кылкандуу дан өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү 96 пайыз жыйналып бүткөнү айтылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар