Кыргызстан Россиядан 1,5 млрд рубль өлчөмүндө жардам алат

 Кыргызстан Россиядан 1,5  млрд рубль өлчөмүндө жардам алат

Россия Федерациясы Кыргызстанга өрт өчүрүүчү жана тик учак техникаларын жеткирүү боюнча токтомго кол койгон. Ал үчүн орус бюджетинен дээрлик 1,5 миллиард рубль бөлүндү.

Бул боюнча эки өлкөнүн президенттери жолугушканда маалым болду.

Владимир Путин орус тарап Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүүнү улантып жатканын жана өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктарды жоюу жаатында техникалык жардам көрсөтүүгө даяр экенин баса белгиледи.

Ал эми Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында да жогорку динамикасы менен өзгөчөлөнөрүн белгиледи.

Ал Россия салттуу түрдө Кыргызстандын алдыңкы соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи. Мамлекет башчысы үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгында өз ара сооданын олуттуу– өткөн жылга салыштырмалуу эки эсе өсүшү катталганын белгиледи.

 «Инвестициялык долбоорлор, анын ичинде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен ийгиликтүү жылып жатат. Бүгүнкү күндө Фонд 440 миллион долларга жакын 3200дөн ашык долбоорду жактырды», — деди ал.

 

Жанылыктар