Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7 эсеге төмөндөдү

 Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүү 7 эсеге төмөндөдү

Ушул жылдын 7 айында Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 3,2 млн долларды түздү. Муну менен бир жыл ичинде көрсөткүч 7 эсеге азайды. Буга соңку жылдардагы чек ара окуяларынын курчушу себеп болду.

Кыргызстан Тажикстандан негизинен пахтадан жасалган жиптерди, мөмө-жемиштерди алып, анын ордуна күйүүчү-майлоочу май, курулуш материалдарын жана күнүмдүк керектелүүчү товарларды экспорттоп келген.

2019-жылы Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 67,7 млн доллар болсо, 2020-жылы пандемиядан улам эки эсеге – 37,2 млн долларга азайган. 2021-жылдын апрель айындагы кагылышуулардан кийин чек ара жабылып, соода көлөмү 27,9 млн долларга төмөндөгөн.

2022-жылы январь-июль айларында көрсөткүч 3,2 миллион долларга түшүп кеткен. Бул Кыргызстан менен Ооганстандын соода жүгүртүү көлөмүнө караганда төрт эсеге аз.

Былтыр Тажикстанга негизинен мунай өнүмдөрү, желим идиштер, айнек, вакцина жана жыгач материалдары барган.

Кыргызстандын тышкы соодасында Тажикстандын үлүшү 0,1% түзөт. Кытай, Казакстан жана Өзбекстан Кыргызстандын негизги соода өнөктөштөрү болуп эсептелет.

Жанылыктар