Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүздү

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Паскы-Арык жерлигинде Кыргызстандын Баткен багыты жана Тажикстандын Согдий багыты боюнча чек ара өкүлдөрү жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдирди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында төмөндөгүдөй чечимдер кабыл алынды:
-ар бир тарап 2022-жылдын 10-мартында курал колдонуу менен орун алган чыр-чатакты өзүнчө териштирүү жүргүзүп, териштирүүнүн алдын ала жыйынтыгын 2022-жылдын 12-мартына пландаштырылган Эки тараптын чек ара ведомство жетекчилерине жеткирилет;
-эки тарап тең чектеш жайгашкан айылдардын жергиликтүү жашоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү улантат. Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согдий облустарынын губернаторлору бүгүнтөн баштап чыр-чатактарды болтурбоо жана аларды алдын алуу боюнча керектүү чараларды көрүп башташат.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тараптын аскер кызматкерлеринин кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде өзүн өзү алып жүрүү эрежелерин сактоо боюнча суроолор көтөрүлдү.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чыр-чатак орун алган жерге тартылган кошумча күч, каражаттарды жана техникаларды туруктуу жайына жайгаштырууну келишишти.
Саат 16.00 карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт.