Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

 Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында бүгүн, 27-февралда таңкы саат 05:58де жер титирөө катталды.

КР Сейсмология инстутунан билдиришкендей, жер силкинүүнүн күчү очогунда 6 баллга жетти.

Жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал-Тоо тоо кыркаларында, тагыраагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка карай 50 км, Эчкили-Таш айылынан туштүк-чыгышка карай 55 км, Кургак айылынан түштүк-чыгышка карай 58 км, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар