Кыргызстан Мальдив аралдарынын командасын 7:1 эсебинде утту

 Кыргызстан Мальдив аралдарынын командасын 7:1 эсебинде утту
  2022-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогунун тандап алуу оюндарынын алкагында Кыргызстандын курамасы Мальдив аралдарынын командасына каршы беттеш өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Кыргызстандык футзалчылар Мальдив аралдарынын курамасын 7:1 эсебинде утуп алган.

Буга чейин Түркмөнстан Кыргызстанды 3:1 эсебинде артта калтырган болчу.

Эскерте кетсек, Бишкекте 1-15-апрель күндөрү Азия кубогунун Бириктирилген борбордук жана Түштүк зонадагы тандап алуу оюндары өтүүдө. Жалпы 8 өлкө катышууда:⠀

А тайпасына: Иран, Кыргызстан, Түркмөнстан, Мальдив аралдары.
B тайпасына: Өзбекстан, Тажикстан, Афганистан, Непал жайгашты.

2022-жылдын 22-сентябрынан 20-октябрына чейин Кувейтте өтө турчу Азия кубогунун финалдык этабына тайпанын сап башын жана экинчи орундарын ээлеген командалар жолдомо алат. Жалпысынан турнирге континенттин 16 командасы катышат.

Жанылыктар