Кыргызстан Кытайга бал экспорттоого расмий уруксат алды

Үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрында бал жана бал продукциясын Кытайга экспорттоого расмий уруксат берилди. Бул туурасында айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Министрликке караштуу ветеринария кызматынын жана Кытайдын ветеринардык-санитардык 5G сертификатын алган компаниялар гана продукцияларын экспорттой алат.
Эске салсак, 2019-жылы Кытайга балды жана бал продукциясын экспорттоо пандемияга байланыштуу токтоп калган.