Кыргызстан Кытай менен “Торугарт” көзөмөл-өткөрүү пунктунда автоунааларды киргизүүнү көбөйтүүнү талкуулап жатат

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын Биринчи орун басары Арзыбек Кожошев Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономиялык районунун элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары менен видеоконференция байланышы аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди талкуулашты. Тактап айтканда, «Торугарт» жана «Эркечтам» көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу максатында аларды башкаруу механизмин уюштуруу маселеси козголду.
Арзыбек Кожошев көзөмөл-өткөрүү пункттарынын толук кандуу иштеши жана товарлардын өтүшүн санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык оптималдаштыруу эки мамлекеттин кызыкчылыгына туура келерин жана мамлекеттер ортосундагы өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүүгө шарт түзөрүн баса белгиледи.
«Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пункттарында макулдашылган жана биргелешкен иш-аракеттерди ишке ашыруу автоунааларды Кыргызстан тарапка да, Кытай тарапка да өткөрүү процессин андан ары жөнөкөйлөтөт. Биз элибиздин жыргалчылыгы үчүн Торугарт жана Эркеч-Там өткөрүү пункттары аркылуу жүк ташуулардын санын көбөйтүү боюнча оптималдуу чечим чыгаруу үчүн өз ара саясий эрктин көрсөтүлүшүнө ишенебиз», — деди ал.
Өз кезегинде Лю Суче эки өлкөнүн ортосундагы соода балансын жакшыртууга, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бир катар чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган актуалдуу маселелерди кароого кытай тараптын даярдыгын билдирди.