Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин жөнөтөт

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев 7-январда Жогорку Кеңештин жыйынында.
Ошондой эле ЖККУнун башка өлкөлөрү:
– Армения – 100-300гө аскер,
– Россия – 1400 аскер,
– Беларусь – 300 аскер,
– Тажикстан – 100-200гө чейин аскер кызматкерин жөнөтөт.