Кыргызстан Казакстанга өз колдоосун билдирди

Бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда “эки элдин эзелтеден берки тарыхы көрсөткөндөй, Кыргызстан бир тууган Казакстанга тилектеш жана бардык колдон келген жардамын берүүгө даяр”, – деп айтылат.
ТИМдин билдирүүсүндө Кыргызстан казак эли менен бийлиги бардык маселени “диалог аркылуу укуктук талаада чече аларына” жана Казакстан кырдаалды “сырттан кийлигишүүсүз жөндөйт” деп ишенип турганы белгиленет.