Кыргызстан-Казахстан: авиакаттамдар жанданды

«Эйр Астана» авиакомпаниясы 12 –январдан тартып Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан жана 14-январдан баштап Алматы-Бишкек-Алматы багыттары боюнча авиакаттамдарды жандандырды.
“Манас” эл аралык аэропортунан билдиргендей, жүргүнчүлөр каттамдар жана билеттер боюнча «Эйр Астана» авиакомпаниясына кайрылуусу керек.
Буга чейин Казакстандагы башаламандыктарга байланыштуу авиакаттамдар токтоп турган болчу.