Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын жеткирүү келишимине кол койду

 Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын жеткирүү келишимине кол койду

Кыргызстан Катарга эт жана бал азыктарын жеткирүү боюнча Катардын Доха шаарында өткөн төрт күндүк AgriteQ-2023 көргөзмөнүн жыйынтыгында кол коюлду.

Инвестиция боюнча улуттук агенттигинен кабарлашкандай, Катардын, ритейлдин жана дистрибьютердик тармактардын өкүлдөрү менен болгон В2В түрүндө жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча 35 тонна эт, бал, тамак-аш жана кайра иштетилген Кыргызстандын продукциясын ташып баруу пландалууда.

Кыргызстанда эт өндүрүүнүн жана экспорттун көлөмү жыл сайын көбөйүп жатканы айтылат.

Статистика комитетинин маалыматы боюнча, өлкөдө 2019-жылы  413 541,6 тонна эт өндүрүлсө, 2020-жылы өндүрүштүн көлөмү 420 524,5 тоннага жеткен.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар