Кыргызстан канчанчы орунда? ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде инфляциянын деңгээли аныкталды

 Кыргызстан канчанчы орунда? ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде инфляциянын деңгээли аныкталды

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерде ушул жылдын сентябрына карата 2021-жылга салыштырмалуу экономиканын керектөө секторундагы инфляциянын деңгээли аныкталды. Бул тууралуу статистика комитетинен билдиришти.

Аныктоодо инфляциянын эң жогорку деңгээли 15,4 пайыз менен Казакстанда катталган. Буга азык-түлүк товарларынын баалары 19,5 пайызга жана кызмат көрсөтүүлөрдүн бааларынын 10,8 пайызга жогорулашы себеп болду. Беларусь өлкөсүндө азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын 18,7 пайызга максималдуу өсүшү байкалды.

Ал эми Кыргызстанда инфляциянын деңгээли 11 пайызга жетти. Муну менен ал ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин ичинен төртүнчү орунда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар