Кыргызстан Гавасай дарыясынын агымына техникалык курулуштарды курбоого милдеттенет. Ташиев түшүндүрмө берди

 Кыргызстан Гавасай дарыясынын агымына техникалык курулуштарды курбоого милдеттенет. Ташиев түшүндүрмө берди

Кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусу жөнүндө мыйзам долбооруна ылайык, Кыргызстан Гавасай дарыясынын агымына техникалык курулуштарды курбоого жана суунун техникалык коопсуздугун камсыздоого милдеттенет.

Бул милдеттенме боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков Камчыбек Ташиевге суроо узатып, Кыргызстан эмне үчүн дарыяны колдоно албастыгына кызыкты.

“ 7- беренеге ылайык, Гавасай дарыясынын жээгине курулмаларды курбоого, суунун техникалык булганычына жол бербөөгө милдеттенме алат экенбиз. Эмне үчүн мындай? Өзүбүздүн аймакта агып жаткан дарыяны өзүбүз колдоно албайбызбы? Эмне үчүн мындай шартка барып жатабыз”,-деди эл өкүлү.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Гавасай дарыясын Кыргызстанга калтырып жазуу боюнча макулдашылганын билдирди. Бирок, ошол эле учурда сууну тосуп, суу сактагыч же башка курулмаларды курууга мүмкүн эместигин айтты.

“Гавасайдын үстүндө биздин Көк-Таш деген айылыбыз бар. Суу тоодон туура агып түшүп, Өзбекстан тарапка кирип кетет. Эгерде сууну тосуп суу сактагыч курабыз десек анда, Көк-Таш айылын көчүрүүгө туура келет. Ал эми мыйзам долбоорундагы милдеттенме сууну булгабоо боюнча гана болуп жатат”,-деди Камчыбек Ташиев.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар