Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди

 Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди

Бүгүн, 3-февралда Кыргызстан Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы үчүн аба мейкиндигин пайдаланууга уруксат берди. Бул туурасында Кыргызстандын Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

““Сомон Эйр” авиакомпаниясы 8-февралдан 21-мартка чейин Дүйшөмбү–Үрүмчү–Дүйшөмбү каттамы боюнча, ошондой эле 5-февралда ДүйшөмбүмНовосибирск–Дүйшөмбү багыты боюнча каттамдар үчүн Кыргызстандын аба мейкиндигин пайдаланууну суранды”, – деп айтылат маалыматта.

Каттамга Boeing 737-800 жана Boeing 737-900 учактары чыга турганы айтылды.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар