Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүүнү сунуштайт

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү сунушталат.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигини маалымадагандай, бүгүн “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: мурастардын кайра жаралуусу, маданий көп түрдүүлүктүн салтанаты” номинациясында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча мыкты тажрыйбалардын тизмесине киргизүү каралат.
Министр Азамат Жаманкулов бул багытта Кыргызстандын атынан онлайн-баяндама жасайт. Андан соң ЮНЕСКО комиссиясы чечим кабыл алары күтүлүүдө.
Иш-чара Улуттук тарых музейинде саат 15:30-16:10 аралыгында өтөт.