Кыргызстан быйыл 200 миллион доллар карыз алды

 Кыргызстан быйыл 200 миллион доллар карыз алды

Кыргызстан 2022-жылы эл аралык каржы уюмдарынан 200 миллион доллардын тегерегинде насыя алды. Бул тууралуу финансы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башында эл аралык каржы уюмдары менен жалпы 583 миллион долларлык келишимге кол коюлган. Анын 354 миллион доллары кредит негизинде, калган сумманы грант түрүндө алуу келишими түзүлгөн.

Белгилесек, 2022-жылдын 31-январына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд 137,36 млн долларга жеткен. Анын 83 пайызын тышкы карыздар түзөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар