Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды

 Кыргызстан БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды

Нью-Йорк шаарында Кыргызстан 2023-2025-жылдарга Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу КР тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын жүрүшүндө сөз сүйлөп, дүйнөлүк коомчулукту бул маселеде Кыргызстанды колдоого чакырган. Мамлекет башчысынын бул демилгеси КРнын дипломатиялык кызматы тарабынан ийгиликтүү ишке ашырылды.

Азиялык топтун ичинен 2023-2025-жылдар үчүн БУУнун Адам укуктары боюнча комиссиясынын төрт оруну үчүн алты өлкө – Кыргызстан, Афганистан, Бангладеш, Вьетнам, Мальдив аралдары жана Корея күрөштү.

Жанылыктар