Кыргызстан боюнча дан эгиндери 94% жыйналып бүттү

 Кыргызстан боюнча дан эгиндери 94% жыйналып бүттү

Ушул жылдын 23-сентябрына карата дан эгиндери 542,5 миң гектар аянттан жыйналып алынды. Бул тууралуу статистика комитетинен билдиришти. 

Комитет жалпысынан республика боюнча дан өсүмдүктөрү 94 пайыз жыйналып бүткөнүн белгиледи.

Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу арпанын (2 эсеге), буудайдын (1,6 эсеге), май өсүмдүктөрүнүн (9 пайызга), жүгөрүнүн данына (6 пайызга), мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн (5 пайызга) жана бакча өсүмдүктөрүнүн дүң жыйымы (2 пайызга) көбөйдү.

Жанылыктар