Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө

 Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө

Кыргызстанда бүгүн, 19-сентябрда аза күтүп жатат. Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында башталган чек арадагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго байланыштуу президент Садыр Жапаров улуттук  аза күтүү жөнүндө жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 144 адам жабыркады.

Маалыматка ылайык, 18-сентябрдан 19-сентябрга караган түн тынч өттү. Ок атышууну токтотуу тууралуу келишимди бузуу катталган жок. Бирок абал чыңалуу бойдон калууда.

 

Жанылыктар