Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

 Кыргызстан АКШдан туристтик визанын мөөнөтүн узартууну суранды

Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчиси Бакыт Аманбаев АКШнын Мамлекеттик катчысынын Түштүк Азия жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча жардамчысынын орун басары Брайн Стиммлер менен жолугушууда кыргыз жарандары үчүн визалык режимди жеңилдетүүгө көмөк көрсөтүүнү суранды.

Элчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, элчи АКШга окууга өткөн кыргызстандык студенттерге виза берүүнү жеңилдетип, алар үчүн өзүнчө кезек уюштурууну жана туристтик визаны беш жылдык эмес, 10 жылдык мөөнөткө узартуу зарылдыгын белгиледи.

Ал эми Брайн Стимлер АКШнын Кыргызстандагы элчилигинде виза алууга байланыштуу түзүлгөн кырдаалдын себептерин иликтеп, жообун берүүнү убада кылды.

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары АКШга виза алууга жазылуу үчүн 2023-жылга чейин орун жок экенин жазышкан. Муну АКШ элчилигинин басма сөз катчысы Нолен Жонсон Limon.kg басылмасына курган маегинде COVID-19 пандемиясына байланыштуу чектөөлөр алынганда виза алууну каалагандардын агымы көбөйгөндүгү менен түшүндүргөн.

Жанылыктар