Кыргызстан Өзбекстанга Барак анклавын алмашты

 Кыргызстан Өзбекстанга Барак анклавын алмашты

Кыргызстандын Барак анклавы Өзбекстанга берилди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин жайынында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев билдирди.

Ташиев өлкөлөр ортосундагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгында 208 гектарды ээлеген Барак айылы Өзбекстанга өткөнүн, анын ордуна Кыргызстанга Кара-Суу районуна чектеш жерден 208 гектар жер тилкеси берилгенин кошумчалады.

“Жакында демаркация жумуштары башталат. Ошондо Барак айылынан үйлөрдү көчүрүп чыгып кетүүгө уруксат берилет. Үй ээлерине жаңы турак жай салуу үчүн мамлекет тарабынан компенсация төлөнөт. Бирок айылды таштап чыгып кетүүгө туура келип жатат”,-деди Ташиев.

Белгилесек, Кыргызстандын Өзбекстан аймагындагы жалгыз калган Барак анклавында 300гө жакын кожолук бар.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар