«Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү

 «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү

Министрлер кабинетинин чечими менен уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен «Кыргызиндустрия» ачык акционердик коому түзүлдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлады. 

Маалыматка ылайык, «Кыргызиндустрия» ААК түзүлүшү инвестицияларды тартуу, эл аралык корпорациялар менен өз ара аракеттенүү, биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча чараларды ыкчам жана өз алдынча жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

“Мамлекеттин атынан жалгыз акционердин болушу жарандарга жана инвесторлорго ийгиликтүү өнүгүүгө кепилдик берет жана саясий тобокелдиктерди азайтат. Бул компанияны түзүү келечекте бизнес жүргүзүүнүн заманбап шарттары талап кылган милдеттердин бүтүндөй комплексин чечүүгө мүмкүндүк берет, мисалга, оперативдүү башкаруунун натыйжалуулугун, бизнестин инвестициялык жагымдуулугун жогорулатып; өндүрүштүк чыгымдарды төмөндөтүү менен тобокелдиктерди башкарууга мүмкүндүк берет”,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Кыргызиндустрия» компаниясын түзүү чечими министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган. Тийиштүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон жана ал расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Жанылыктар