«Кыргызавтожол» ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмү мамлекетке 12 млн сом зыян келтирди

 «Кыргызавтожол» ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмү мамлекетке 12 млн сом зыян келтирди

«Кыргызавтожол» ишканасынын Жалал-Абаддагы бөлүмү мамлекетке 12 млн сом зыян келтирди. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери көп убакыттан бери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, эл аралык, мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги жолдорго асфальт-бетон төшөлмөсүн монтаждоо боюнча негизсиз, ашыкча баалоо боюнча кылмыштуу схеманы уюштурушкан.

Жыйынтыгында мамлекетке 12 миллион сом өлчөмүндө алдын ала зыян аныкталган. Буга байланыштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын аймактык башкармалыктарынын жумуш орундарында тинтүү иштери жүргүзүлгөн.

Аталган иш боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар