Кыргыз волейболчулары Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңди

 Кыргыз волейболчулары Борбор Азиянын чакырык кубогун жеңди

Кыргызстандын волейбол боюнча курама командасы Борбор Азиянын чакырык кубогунда утуп чыкты.Финалда оюнчулар түркмөнстандык атаандаштарын артка калтырды. Үч партияда жеңүүчүсүн аныктоо мүмкүн болгон жок. Түркмөндөр эки жолу алдыга чыгышып, бирок ата мекендик волейболчулар аларды утуп алды. Жыйынтыгында кыргызстандыктар 15:7 эсеби менен жеңишке жетишти.Жарым финалда биздин команда 3:1 эсеби менен Казакстандын командасын утуп алды.Турнирдин жыйынтыгы боюнча, Казакстандын курама командасы коло медаль алып, Өзбекстандын командасы төртүнчү орунду ээледи.Мелдеш Бишкекте болуп өттү.

Жанылыктар