Кыргыз Туусунун кабыл алынганына 30 жыл. Бул датага арналган Оштогу иш-чарадан сүрөт

Бүгүн, 3-март күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Мамлекеттик Туунун кабыл алынганынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анын алкагында Ош гарнизонунун аскер кызматкерлери тарабынан борбордук аянтка 15 метрлик туу алынып келинди.
Иш-чарада Мамлекеттик туунун маанилүүлүгү даңазаланып, андан соң Аскердик парад болду.
Кыргыз Туусу 1992-жылдын 3-мартында бекитилген. Авторлору: Э.Айдарбеков, Б.Жайчыбеков, С.Иптаров, Ж.Матаев, М.Сыдыков. Мамлекеттик туунун ортосуна кырк нуру тегиз чачыраган алтын түстөгү күн алкагынын, күн алкагынын ичине кыргыз боз үйүнүн кызыл түстөгү түндүгүнүн сүрөтү түшүрүлгөн тик бурчтуу кызыл кездемеден жасалган.