Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында курал колдонулган жаңжал чыкты. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Кыргызстандын чек арачылары Баткен облусунун Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жүргөндө Тажикстандын чек арачылары шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөнүн аныкташкан.
Тажик чек арачылары Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча талапка көңүл бурбай, Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.
Эки өлкөнүн аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, тажик тарап миномётторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жок.
Саат 13:00гө карата атышуу уланып атканы айтылды.
«Чек ара кызматтарынын бүгүн болгон телефондук сүйлөшүүлөрүнө жана ок атышууну токтотуу боюнча жетишилген макулдашууларга карабастан, тажик тарап ок атууну токтотпой жатат» , — деп айтылат маалыматта.